Балыкчынын мэри МИКтин курулуш иштери менен таанышты
Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш иштери менен таанышты.
Мэрия белгилегендей, аймактагы бардык бош жерлер Мамлекеттик ипотекалык компанияга турак жай куруу үчүн берилген.
"Мэр Абдрахманов менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде башталып жаткан курулуштун жүрүшүн көргөндөн кийин МИКтин жетекчилери менен биргеликте ипотекалык турак жай программаларынын шарттарын талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле калктын аярлуу катмарына турак жай берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду", - деп билдирди мэрия.
Мэр шаардыктарды арзан турак жай менен камсыз кылуу, курулуш иштерин активдештирүү жана ипотекалык насыялоо системасын өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
07.09.25



