super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров көлдөргө салынган торлор боюнча элге кайрылды

 
Акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйнаган торлордун узундугу 5700 чакырымды түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазган кайрылууда айтты.
Өлкө башчынын айтымында, браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат.
"Бул эмне деген акмакчылык? Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элибизге кайрылам. Сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кыларын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер, тиешелүү органдар жетишпей жатышат.
Жаратылыш баарыбыздыкы. Ошондуктан ар бириңер жарандык, атуулдук милдетиңерди аткарып, көзөмөлгө алыңыздар. Сөзүм куру болбош үчүн далилдерди келтирейин. Мисалы, 2022-жылдан 2025-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин Ысык-Көлдөн 34 миң 454 даана тор алынган. Алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 659 чакырым 700 метрди түзгөн. Анын ичинен:
  • 2022-жылы 1115 тор алынган, анын узундугу 700 чакырымды түзгөн;
  • 2023-жылы 12 миң 232 тор алынган, анын узундугу 1819 чакырымды түзгөн;
  • 2024-жылы 18 миң 679 тор алынган, анын узундугу 1500 чакырымды түзгөн;
  • 2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2428 тор алынган, анын узундугу 1700 чакырымды түзгөн. Башкача айтканда, алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 700 чакырымды түзөт.
Жаратылышыбызды таза сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ушуну ар бириңиздер эстен чыгарбаңыздар. Жаратылышыбыз жардам сурап жатат.
Браконьерлерге да кайрылат элем. Айланайындар, башка иш калбай калса дагы жаратылышыбызга кыянатчылык кылганды токтотсоңуздар! Силер жайган тордон балыктар эле эмес, өрдөк куштар да жабыркап жатат. Силер деле биздин жарансыңар да. Силердин деле бала-чакаңар, небере-чөбүрөңөр Кыргызстанда жашап, Мекенибиз деп сыймыктанып жүргүсү келеттир?! Бабаларыбыздан калган табигатыбызды көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы учурда өтө актуалдуу. Ага ар бирибиз, чоң-кичине дебей салым кошолу!" - деп айтты кайрылууда Жапаров.





Садыр Жапаров элге кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: