super.kg logo

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи

 

Эми мамлекеттик кызматкерлердин баары «О!Мамлекеттик» атайын тарифин кошуп алса болот. Тарифтин алкагында 4 жумага 250 сом менен төмөнкүлөр жеткиликтүү:

  • мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 40 гигабайт интернет;
  • интернетти акысыз таратуу;
  • башка уюлдук операторлорго 20 мүнөт;
  • О! түйүнүндө чексиз чалуулар жана SMS;
  • ТОП 40 ТВ-канал.

Атайын тарифти кошуу үчүн «Мой О!» тиркемесине кириңиз (эгер мурда орнотулган болсо, тиркемени жаңылап коюңуз), андан соң «Менин байланышым» – «Тарифтер» – «Атайын тарифтер» – «О!Мамлекеттик» бөлүмдөрүнө кирип форманы толтуруңуз.

Маалымат тез текшерилгенден кийин, номериңизге «О!Мамлекеттик» тарифи кошулат. Тариф кошулган учурдан тартып 4 жума иштейт жана баланста жетиштүү сумма бар болгон учурда автоматтык түрдө узартылып турат.

О! – өлкөнүн пайдасына иштейт

О! Мобилдик оператору мамлекеттик кызматтар менен биргеликте жалпы улуттук маселелерди чечүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барат. Бул мамлекеттин бардык тармактарды санариптештирүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатканы менен түшүндүрүлөт. О! компаниясынын стратегиялык милдеттеринин ичине бардык бизнес-процесстерди санариптештирүү үчүн жаңы технологиялардын тез аранын ичинде жайылтылышын камсыздоо аракети кирет.

2014-жылы Кыргызстанда жаңы LTE 4G технологиясын ишке киргизген биринчи оператор болуу менен, О! Мобилдик оператору өлкөнүн калк отурукташкан аймактарынын 99,8%ын камтуу боюнча лидерлик позициясын сактап келе жатат.

Өзүнүн өнүгүү тарыхында О! Мобилдик оператору мамлекеттик сектордун кызматкерлерине колдоо көрсөтүп келген жана мындай иш-аракеттерин дагы да болсо уланта бермекчи. О! оператору ӨКМ, ИИМ кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана мамлекеттик сектордун башка кызматкерлери үчүн көп жылдан бери жеңилдетилген атайын тарифтерди берип келет жана абоненттин эсебине кешбэк кайтарыла турган атайын Акцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Бул мамлекеттик уюмдарда иштеген кызматкерлер үчүн байланышты кыйла арзан кылат.

О! компаниясы Кыргызстандын пайдасына ак ниеттүү иш алып барат, миңдеген жумуш орундарын түзүп, ай сайын мамлекеттик бюджетке өлкөнүн бардык телеком-компанияларынан түшкөн жалпы салыктын дээрлик жарымына жакын бөлүгүн төлөйт, мамлекет үчүн оор мезгилдерде дайыма колунан келген жардамын берет.

О! Мобилдик оператору ар дайым эл менен!

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары. Кененирээк: o.kg.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: