Лондондо тыюу салынган "Palestine Action" тобун колдоо акциясында 890 адам кармалды
Улуу Британияда полиция тыюу салынган уюм деп жарыяланган "Palestine Action" тобун колдоо максатында Лондондо уюштурулган акцияда 890 адамды кармады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Улуу Британияда Израил менен иш алып барган компанияларга каршы акциялары менен таанымал болгон "Palestine Action"га тыюу салууга каршы чыккан "Defend Our Juries" аттуу топтун чакырыгы менен кечээ борбор калаадагы Парламент аянтында чогулган демонстранттар жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө акцияларын башташты.
Тыюуга каршы чыккан активисттер өздөрү менен кошо алып келген бош плакаттарга "Мен геноцидге каршымын, мен Palestine Action'ды колдойм" деп жазышты.
Метрополитен полициясы камакка алуулардын көбү тыюу салынган топту колдогондугу үчүн ишке ашырылганын, нааразычылык акциялары зомбулукка айлангандан кийин полиция кызматкерлерине кол салуу жана башка коомдук тартипти бузуу кылмыштары боюнча да көп сандаган адамдардын кармалганын билдирди.
"Жалпысынан 857 адам Palestine Action'ды колдогондугу үчүн 2000-жылдагы Терроризм мыйзамынын 13-бөлүмүнө ылайык кармалган, ал эми 17си полиция кызматкерлерине кол салуу, 33 адам башка кылмыштар боюнча кармалды",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Улуу Британияда 5-июлдан тарта тыюу салынган уюмдардын катарына кирген "Palestine Action" тобун колдоо максатында 9-августта да акция уюштурулуп, полиция акцияга катышкан 500дөн ашык адамды кармаган.

