Нарындагы жолдор боюнча кармалган 4 адам... Милиция кошумча маалымат таратты




Нарын облустук милициясы Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндөгү жолду оңдоо ишине байланыштуу 15 арыз түшкөнүн билдирди.
Жол курууда иштеген жумушчулар айлык маянасын өз убагында ала алышпагандыктан укук коргоо органдарына кайрылышкан. Арыздардын негизинде "Бета Групп" компаниясына тиешелүү техникалар, завод жана башка мүлктөр камакка алынган.
Облустук милиция учурда компаниянын башкы директору Т.Б. жана бухгалтерия кызматкерлери боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
"Транспорт министрлиги менен "Бета Групп" компаниясынын ортосунда келишим жокко чыгарылып, эки тараптын өкүлдөрү катышкан комиссия тарабынан компаниянын буга чейинки иштери кабыл алынып, өткөрүү процесси жүргүзүлүүдө. Ал эми З.М. аттуу жаран тергөө кызматына камсыздалып, "Бета Групп" компаниясына эч кандай акча карыз эместигин көрсөткөн",- деп айтылат маалыматта.
Аталган жолдор "Бета Групп" компаниясы тарабынан салынып жаткан. Бирок коомчулуктагы нааразычылыктардан улам компаниянын аткаруучу директору Мирлан Амантуров, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен 1-Жол куруу башкармалыгынын директору кармалган.
Ал эми жолду куруу иштерин улантуу милдети "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.


