Израил армиясы Газадагы дагы бир бийик имаратка сокку урду
Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Газа шаарындагы бийик имаратты бомбалады. Бул тууралуу Euronews билдирди.
Маалыматка караганда, ичинде чалгындоо жабдуулары орнотулуп, израилдик аскерлерди көзөмөлдөө үчүн байкоо жүргүзүү пункттары жабдылган. Бул акыркы сутка ичинде талкаланган экинчи бийик имарат.
Буга чейин ЦАХАЛ аймактын тургундарын анклавдын түштүгүнө, Хан-Юнистин жанындагы "Аль-Муваси" чатыр лагериндеги "гуманитардык зона" деп аталган жерге эвакуацияланууга чакырган. Ал жерде, израилдик аскерлердин айтымында, качкындарга тамак-аш, медициналык жардам жана баш калкалоочу жай берилет. Бирок гуманитардык уюмдар кезектеги көчүрүү кризисти ого бетер курчутат деп эскертет.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү кеминде 23 палестиналык, анын ичинде 13ү Газа шаарынын аймагында өлтүрүлгөн. Израил аскерлери буга чейин анклавдын аймагынын дээрлик жарымын көзөмөлдөп жатканын билдирген.
Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху шаарды басып алуу ХАМАСты жеңүү үчүн зарыл экенин баса белгиледи. Анын айтымында, ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге кол салуусу согушка себеп болгон.
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсесинин маалыматы боюнча, Израилдин 700 күндүк блокадасы жана чабуулдарынан улам 73 731 палестиналык, анын ичинде 20 миңден ашуун бала жана 12,5 миң аял каза болгон. Каза болгондордун арасында 1670 медицина кызматкери, 248 журналист, 139 жарандык коргонуу кызматкери жана 173 муниципалдык кызматкер бар.
Мындан тышкары, 162 миңден ашуун адам жаракат алып, көбү майып болуп калган. Газа бийлигинин маалыматы боюнча, Израил армиясы анклавдын инфраструктурасынын болжол менен 90 пайызын талкалап, 68 миллиард доллар зыян келтирип, анын аймагынын 80 пайыздан ашыгын көзөмөлгө алган.

