super.kg logo

Баңгизат менен кармалган белгилүү орусиялык актриса Аглая Тарасовага соттун өкүмү чыкты (видео)

 

Орусиялык белгилүү актриса Аглая Тарасова баңгизат чеккенине өкүнүп, чоң ката кетиргенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Актриса үй камагынын ордуна белгилүү бир аракеттерге тыюу салууну тандоону соттон суранды. Ал өлкөдөн кетпей турганын айтып, үй-бүлөдөгү негизги камкорчу экендигин билдирди. Ошондой эле үч тасмага тартылышы керектигин кошумчалады.

Тарасовага айрым аракеттерге тыюу салуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы берилди. Мындай чечимди Домодедово шаардык соту чыгарды.

Отурум ачык режимде өттү. Соттук териштирүүдө ал өз ыктыяры менен тергөө бөлүмүнө келип, паспортторун тапшырганын айткан. 31 жаштагы актрисада Орусия жана Израилдин жарандыгы бар.

Эске салсак, актриса 28-августта Домодедоводогу “жашыл коридордон” өтүп бара жаткан жеринде баңгизат менен кармалды.






Аглая Тарасова баңгизат чеккенине өкүнүп, чоң ката кетиргенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: