"Тилиңер Лондондун көчөсүн шыпырат". Садыр Жапаров Балыкчыдагы бала бакчаны оңдогон компаниянын өкүлүн тилдеди (видео)
Кечээ, 7-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына иш сапары менен барды.
Анда мамлекет башчысы калаадагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетти кыдырып көрдү. Ал жердеги эл менен болгон жолугушууда тургундар 90 миллион сомго оңдолгон бала бакча ачылбай жатканын айтып арызданышты.
Садыр жапаров айтылган бала бакчага барып, имаратты оңдоо иштерин жүргүзгөн подрядчы компаниянын өкүлүн тилдеди.
"90 миллионду сиз алдыңыз беле? Канчасын мэр менен бөлүштүңүз? Ачыгын айтыңыз",- деди ал.
Компаниянын өкүлү эч кандай акча бөлүштүрүү болбогонун айтты. Анда өлкө башчы аталган суммага жаңы бала бакча салса болорун айтып кейиди.
"Жумуш бербейсиңер" деп жаман көрөсүңөр, анан жумуш берсе ичип, жеп, жутуп аласыңар дагы ушинтип чала жасап коёсуңар. Анан көчөгө чыгып алып кыйкырсаңар тилиңер тим эле Лондон менен Москванын көчөсүн шыпырат",- деди Жапаров.
Президент ошондой эле шаар мэрине имаратты пайдаланууга берип, туура эмес пайдаланган акча каражатын бюджетке кайтарууну тапшырды.
