super.kg logo

"Ынтымак" командасынын көк бөрүчүлөрү умрага жолдомо алышты (видео)

 

Талас элинин атынан "Ытымак" командасынын улакчыларына умрага жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда активист Билим Майнаев билдирди.

"Командага умрага жолдомо. Президенттин кубогунда имподромго "Достук" менен "Ынтымак" командасы 15 миңге жакын жан күйөрлөрдү жыйнады. Мыкты оюн болду. "Достук" командасы утуп, чемпион болду. Кутуктайбыз! Эки команданын тең балдары жүрөгүндө оту, ыйманы бар балдар. Буюрса баары барып, дагы ыйманы күчөтүп, намаз окуп калса, буларды көргөн миллион деген өсүп келе жаткан жаштар үлгү алышат",- деди Майнаев.

Айта кетсек, Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгын утурлай көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу болду. Финалда Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы кез келди. Оюн 5:4 эсебинде "Достук" командасынын жеңиши менен аяктады.






"Ынтымак" командасынын көк-бөрүчүлөрү умрага жолдомо алышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: