Адылбек Касымалиев азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатка барды (фото)






Бүгүн, 8-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектепке барды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана финансы министри Алмаз Бакетаев катышты.
Касымалиев окуу корпустарын, спорт жана жыйын залдарын көрүп, абалы менен таанышты. Төрага жаңы заманбап жатак мектептин курулушу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Ал жаңы окуу жай бардык зарыл талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле жакынкы аралыкта окуу процесси үчүн зарыл болгон атайын жабдууларды (тилкелүү такталар, көрүү жана рельефтүү беттер, 3D-карталар, акылдуу көз айнектер жана таяктар) окуучулардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сатып алууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-09-08
15:00
2025-09-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.