"Манас үчүнчү шаар болушу мүмкүн эмес". Феликс Кулов Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү тууралуу пикирин билдирди
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү демилгеси тууралуу пикирин билдирди.
"Поезд жүрдү, эми аны токтотууга болбойт окшойт... Эгер алар атын өзгөртүүнү чечсе, анда логикалык жактан да, аталышы жагынан да Бишкек өлкөнүн башкы шаары эмес, Манас болушу керек. Демек, борборду түштүккө, Жалал-Абад облусуна (же Манаскабы?) жылдыруу керек.
Азыр Ош Бишкектен кийинки экинчи негизги шаар деп аталат. Манас шаары үчүнчү катардагы шаар болушу мүмкүн эмес, биринчи гана болушу шарт. Андыктан Манас деген аталышты алса, бардык шаарлардын башында болушу керек. Мен жеке өзүм борборду түштүккө көчүрүүнү азыр эмес, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөр болгондо колдойт элем",- деп жазды ал Facebook баракчасында.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаанын атын өзгөртүү элдин талабы экенин айтып, шаардын атын Манас деп өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.



1 |