"Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачылат". Садыр Жапаров "кара тизме" боюнча айтты
Бүгүн, 8-сентябрда президент Садыр Жапаров Нарындагы аба майданынын ачылышында өлкөнүн авиация жааты эл аралык деңгээлде да ишенимдүү кадамдарды таштап жатканын белгиледи.
Өлкө башчысы мамлекет Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этапка келгенин айтты.
“2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Бул өлкөбүз Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюрса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат”,- деп белгиледи Жапаров.
7-октябрда өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот.
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-сентябрда Кыргызстандын ички каттамдарын жандантуу максатында Нарын жана Казарман аэропорттору ишке берилди.


