super.kg logo

Стамбулда массалык нааразылык акциялары өттү 

 

Стамбулдун тургундары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Республикалык элдик партиянын (ЖЭБ) жетекчилигин кызматтан кетирүү жана партиялык башкарууну убактылуу кеңешке өткөрүү боюнча саясий чечимдерине нааразылык билдирип, массалык митингдерге катышууда.

Түрк маалымат каражаттарынын белгилешкендей, нааразылык акциялары партия кеңсесинин жанында башталып, полиция менен кагылышууга айланган.

Сентябрдын башында Стамбул соту Өзгүр Челик бул шаардагы аймактык бөлүмдүн башчылыгына шайланган конгресстин жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ушундай эле сценарий бүтүндөй партиянын лидери Өзгүр Өзелдин ишинде да болушу мүмкүн. Ал бул кызматка шайлоо учурунда добуштарды бурмалаган деп да айыпталууда.

2025-жылдын март айынан бери аталган партия мүчөлөрү көп кылмыш иштерине айыпталышкан. Алардын баары коррупциялык схемалар боюнча шектелүүдө. Коррупциялык иштерге катышкан партиянын мүчөлөрүнүн жана тарапкерлеринин саны 350дөн ашат, алардын 100дөн ашыгы камакта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: