super.kg logo

Жалал-Абаддагы жоокердин сабалышы боюнча акыйкатчы маалымат берди (видео)

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда уставга каршы келген окуя орун алды. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү жагдайды тактоо максатында аскер бөлүгүнө баргандыгын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30 чамасында ефрейтор Т.у.Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А.нын ортосунда болгон. Ефрейтор мас абалында түн ичинде аскер бөлүккө эки жолу келген.

"Түнкү саат үч чамасында күзөттө турган жоокер менен айтыша кетип, анын башына 3-4 жолу урган. Ошондо гана аны аскер бөлүктүн командиринин орун басары үйүнө жөнөткөн. Башка жоокерлердин айтымында, 19 жаштагы А.А. токтоо мүнөз, жетекчилик же бирге кызмат өтөгөндөр менен менен уруш-талашы жок жана буга чейин ефрейтор менен пикир келишпестиги да болгон эмес. Ал Ош шаардык аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта ЖАКтын 5-батальонунда кызмат өтөп жатат.

1998-жылы туулган ефрейтор Т.у.Н. Базар-Коргон аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2025-жылдын февраль айынан бери батальондо келишим менен кызмат өтөөдө. Түнкү окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасында медициналык кароодон өттү. Ефрейтордун канынан алкоголь аныкталса, катардагы жоокерден жеңил дене жаракаты катталган.

Учурда бул окуя боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Ошол эле учурда ЖАКтын Башкы башкармалыгы ички кызматтык иликтөө жүргүзүүдө",- деп маалымдалды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ЖАКтын жетекчилигин аскер кызматкерлеринин арасында уставга каршы мамилелердин алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө чакырып, тиешелүү катты Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөттү.






Жалал-Абаддагы жоокердин сабалышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: