Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды
Ставриди Руслан Болотович Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрында Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-84-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.
1993-1997-жылдары “Nina” кичи ишканасынын директору;
1997-2004-жылдары “Аверс” фирмасынын директордун орун басары;
2004-2008-жылдары “Кастелла” ЖЧКсы, “Dirol” – Сabiry аймактык менеджери;
2009-2023-жылдары Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери;
2023-жылдан бери Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директордун орун басары кызмат ордунда эмгектенип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















