super.kg logo

Розэнин APT ыры "Жылдын ыры", Blackpink "Жылдын тобу" аталды

 

Blackpink тобунун мүчөсү Розэ америкалык ырчы Бруно Марс менен чогуу жазган APT ыры "Жылдын ыры" наамын алды. Бул ыр 2024-жылдын 18-октябрында Розэнин биринчи толук студиялык альбому "Rosie" менен бирге жарык көргөн алгачкы сингл катары чыккан.

Аталган наам бүгүн, 8- сентябрда Нью-Йорк шаарындагы UBS Arena'сында өткөн "MTV Video Music Awards" 46-сыйлыгында тапшырылды.

Анда американын сүйүктүү ырчылары Ариана Гранде, Леди Гага, Сабина Карпентер, Мэрайя Кэри мыкты ырлар, клиптер, музыкалык альбомдор үчүн сыйлыктарга ээ болушту. Башка атактуулар кызыл килемдеги кийимдери менен элдин эсинде калышты.

Ариана Гранде биринчи жолу MTV Video Music Awards сыйлыгын "Жылдын видеосу" категориясында алды. Мындан тышкары ал "Эң мыкты поп-видео" жана "Эң мыкты узун видео" сыйлыктарын алды.

Леди Гага төрт номинацияда жеңишке жетти, анын ичинде "Жылдын артисти", Abracadabra ырынын клиби үчүн "Эң мыкты режиссура" жана "Эң мыкты арт-дирекшн", ошондой эле Бруно Марс менен биргеликте аткарган Die With a Smile ыры үчүн "Эң мыкты кызматташуу" сыйлыгын алды.

Ал эми "Эң мыкты альбом" Сабрина Карпентердин Short n’ Sweet альбому болду. "Эң мыкты жаңы артист" сыйлыгын Алекс Уоррен алса, "Жылдын тобу" Blackpink болду.






Розэ менен Бруно Марстын APT ыры "Жылдын ыры" аталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: