Рамзан Кадыров Трампты Путиндин көптөн берки күйөрманы деп атады
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди көптөн бери жактырарын айтты.
Ал Трамп орус лидери менен жолугушуу үчүн Аляскада саммит уюштурганын белгилеген.
"Жалпысынан мен Трамп Владимир Владимировичтин көптөн берки күйөрманы жана суктануучусу деп эсептейм. Ал учурда сөздүн толук маанисинде жалгыз дүйнөлүк лидер болуп саналат",- деди Кадыров РИА Новостиге берген маегинде.
Ал ошондой эле башка өлкөлөрдүн башчылары да Путин менен жолугушууну каалайт деген ишенимин билдирди.
"Трамп сүйлөшүүлөрдү шылтоолоп, кызматтык абалынан пайдаланып, жөн гана аны менен жолуккусу келген",- деп кошумчалады Чеченстандын башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-09-08
16:27
2025-09-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.