Бразилиялык ишкер Неймарга 1 миллиард доллардан ашуун мурас калтырды
Аты-жөнүн атагысы келбеген бразилиялык ишкер футболчу Неймарга өзүнүн бардык мүлкүн мураска калтырды. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, мураска кыймылсыз мүлк, инвестициялар жана ири компаниялардын акциялары кирип, жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашат.
The Sun басылмасы кабарлагандай, мурас быйыл июнь айында нотариус кеңсесинде эки күбөнүн жана нотариустун жардамчысынын катышуусунда катталган.
Маалым болгондой, ишкер Неймар менен жеке тааныш эмес жана туугандык байланышы да жок. Ишкер акыл-эси жайында, эч кандай мажбурлоо же басым жок экенин белгилеп, мындай чечимди оюнчуга болгон сый-урматынан улам кабыл алганын айткан. Азыркы тапта мурас боюнча иш Бразилиянын сотунда каралып жатат, анын мыйзамдуулугу тастыкталса, Неймар расмий мураскор деп таанылат. Азырынча футболчу бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Неймар 33 жашта. Ал Бразилиянын "Сантос" клубунун тарбиялануучусу. Чабуулчу команда менен бирге Либертадорес кубогун (2011), Паулиста лигасын (2010, 2011, 2012), Бразилия кубогун (2010) жана Түштүк Америка Суперкубогун (2012) уткан. Неймар 2025-жылдын январында Сауд Арабиянын "Аль-Хиляль" клубунан "Сантоско" кайра барган. Июнь айында "Сантос" клубу чабуулчу менен келишимди 2025-жылдын аягына чейин узартканын, дагы бир мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялаган. Өткөн сезондо Неймар бразилиялык клуб үчүн бардык турнирлерде 20 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.

