Кылмыш чөйрөсүндө 11 жыл мурун болгон киши өлтүрүү окуясына шектелген жаран кармалды




Адам өлтүрүүгө шек саналган 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш 2014-жылы 26-июлда болгон. Анда мурда ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, кылмыш чөйрөсүндө Джин каймана аты менен белгилүү 44 жаштагы жаран киши колдуу болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эксперттер 9 миллиметр калибрдеги ок жана гильзалар болжол менен спорттук-машыгуу тапанчадан атылганын аныкташкан.
"Бул адам өлтүрүү таасир жана көзөмөл үчүн күрөшкө байланышкан кылмыштуу топтордун ортосундагы каршылыктын натыйжасында болгон. Чыр-чатактын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү атаандаш тараптын өкүлүн жок кылууну өзүнө милдет катары алган", - деп айтылат маалыматта.
Шектүүнун унаасын текшерүү учурунда баңгизат болушу мүмкүн деп эсептеленген төрт түрмөк табылды. Мындан тышкары шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кара куурайга окшош заттар алынды.
Учурда алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
ИИМ

