AFP: Евробиримдиктин атайын өкүлү Вашингтондо Орусияга каршы санкцияларды талкуулайт
Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан бүгүн, 8-сентябрда Вашингтондо өтө турган сүйлөшүүлөрдө ЕБ делегациясын жетектейт. Бул тууралуу AFP агенттиги жазды.
Маалым болгондой, тараптар Орусияга санкция киргизүү боюнча координацияны, ошондой эле европалыктардын 19-пакет рестрикцияларынын мазмунун талкуулашат. Жолугушуулар дүйшөмбү жана шейшембиге пландалган.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалдан улам Орусияга каршы санкциялардын экинчи этабын баштоого даяр экенин билдирген. Мунун алдында ал Москвага каршы “экинчи жана үчүнчү фаза” да бар экенин, эгер Украина боюнча сүйлөшүүлөр созулуп кетсе, аларды колдонууга даяр экенин айткан. Өткөн аптада АКШнын каржы министри Скотт Бессент да АКШ Евробиримдик өлкөлөрү менен Орусиянын өнөктөштөрүнө санкция киргизүү үчүн кызматташууга даяр экенин белгилеген.
Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазгандай, Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы 19-пакет санкциясын киргизүүнү карап жатат. Ал болжол менен алты банкты жана Орусиянын энергетикалык компанияларын камтыйт.
Маалыматка ылайык, пландагы чектөөлөрдүн арасында орус төлөм системаларына, кредиттик карталар системасына жана криптовалюта биржаларына каршы санкциялар бар. Мындан тышкары, орус мунайына соода чектөөлөрүн күчөтүү маселеси талкууланууда. Евробиримдик ошондой эле ири мунай компанияларына каршы санкцияларды күчөтүп, учурдагы айрым өзгөчөлүктөрдү жоюуну көздөөдө.

