super.kg logo

Нарындагы Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакча курулууда (фото)

 
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 90 орунга ылайыкташтырылган жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, объекттин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, учурда 76 пайызга аткарылды. Бала бакчанын тендердик баасы 75 миллион сомду түзөт.
Долбоор боюнча эки кабаттуу заманбап имаратта уктоо жана ойноо бөлмөлөрү, ашкана жана кабылдама жайгашат. Жалпы аянты 892 чарчы метрди түзгөн бала бакчаны быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: