Түркия менен Армения чек араны ачуу боюнча биринчи сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт
Түркия жана Армения делегациялары Маргара/Алижан чек ара өткөрмө пунктунун иштеши боюнча биринчи жолугушууну кийинки жумунун башында өткөрүүнү пландашууда. Бул тууралуу NTV телеканалы жазды.
"Армян-Түрк мамилелерин нормалдаштыруудагы Түркиянын атайын өкүлү Сердар Кылыч жетектеген делегация кийинки жуманын башында Алижан өткөрмө пункту аркылуу Арменияга жөнөйт. Биринчи өкмөт аралык делегациялар жолугушуусунда өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга байланыштуу чечимдер кабыл алынышы мүмкүн, ошондой эле эки өлкөнүн өкүлдөрү мурда кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашат", — деп кабарлайт телеканал.
Мурунку жолугушууларда Армения парламентинин төраганын орун басары Рубен Рубинян менен Кылыч жүк ташуучу учак каттамдарын калыбына келтирүү, чек араны ачууга инфраструктураны даярдоо боюнча макулдашкан. Ошондой эле дипломатиялык паспорт ээлерине визалык процедураларды жеңилдетүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына чек арадан өтүүгө уруксат берүү тууралуу макулдашууларга жетишкен, бирок бул чечимдер азырынча күчүнө кирген жок.
Бул жолугушуу Зангезур коридору же "Трамп маршруту" тууралуу келишимге кол коюлган соң биринчи жолу өтөт.
Кылыч менен Рубинян мурда беш жолу жолугушкан, акыркы жолу 2024-жылдын июль айында жолугушуу өткөрүшкөн.
Түркия менен Армениянын дипломатиялык мамилелери жок, чек ара 1993-жылдан бери Анкаранын демилгеси менен жабык. Өлкөлөрдүн татаал мамилелери бир катар жагдайлардан улам келип чыккан. Алсак, Түркия Азербайжандын Карабах позициясын колдошу жана Осман империясында 1915-жылы армян геноцидинин эл аралык таанылышына Түркиянын кескин реакциясы Армения тарабынан сынга алынган.
