super.kg logo

Бишкектеги Леваневский көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

 

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Леваневский көчөсүн Гагарин көчөсүнөн №136а үйүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Иштин биринчи этабынын алкагында эски асфальт төшөлгөн демонтаж иштери жүргүзүлүп, жаңы ирригация системасын орнотуу үчүн лотоктор алынып келинүүдө.

Буга чейин капиталдык курулушка чейин даярдыктын алкагында кызыл сызыктан мыйзамсыз чыгып кеткен тосмолор демонтаждалган. 10дон ашык жеке менчик ээлери жанаша турган участоктордо демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Курулуш иштери аяктагандан кийин Леваневский көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, тротуар жана ирригация системасы менен жабдылат.

"Оңдоо иштери 2025-жылдын титулдук тизмеси боюнча жүргүзүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: