super.kg logo

NYT: Ооганстандагы жер титирөөдө жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүлгөн эмес

 

The New York Times басылмасы Ооганстандагы жер титирөөдөн жабыркаган аялдарга медициналык жардам көрсөтүлбөй, айрымдары калдыктардын астында калып кеткендигин жазып чыкты.

Басылма белгилегендей, Ооганстандагы маданий нормалар «Талибан» кыймылы тарабынан кырдаал канчалык оор болбосун катуу сакталат жана бул эркектер менен туугандык байланышы жок аялдардын физикалык байланышына тыюу салат. Куткаруу аймактарында аялдар эркектерге жардам бере алышпайт, бирок туугандык байланышы жок аялдарды калдыктар астынан чыгара алышат.

Мисалы, Кунар провинциясынын Андарлуккак айылында кырдаал боюнча куткаруу командасы жаракат алган эркектерди жана балдарды сыртка чыгарып, жараларын дарылаган. Бирок кээ бир аялдар менен өспүрүм кыздарга жардам көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, Ооганстанда 1-сентябрда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпицентр Желалабад шаарынан болжол менен 27 чакырым чыгышта жайгашкан. Жер титирөөдөн 2,2 миңден ашык адам каза болуп, 3,6 миңдей адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: