Азиз Батыров Искусство жана дизайн институтунун директору болуп дайындалды
Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына Батыров өзү ырастады.
Азиз Батыров Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде элдик ырларды ырдоо боюнча мугалим болуп 10 жыл иштеген.
Батыров чыгармачылык жолунда бир катар жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга татыган. 2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн “Улуттар аралык музыка” фестивалында “Алтын үн” байгесин жеңип алган. 2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Алтын үн” сынагында баш байгени багындырган.

