super.kg logo

Евробиримдик Казакстанга карата санкция киргизиши мүмкүн

 

Евробиримдик Казакстанга каршы санкцияларды алгач ирет колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул чара өлкөгө айрым жабдууларды импорттоого тыюу салууну камтышы мүмкүн. Евробиримдиктин соода боюнча маалыматына ылайык, бул жабдуулар ири көлөмдө Орусияга кайра жөнөтүлүп, ал жакта курал-жарак өндүрүүдө пайдаланылууда.

Bloomberg белгилегендей, мындай инструментти колдонуу үчүн олуттуу далилдер талап кылынат жана бардык санкциялар сыяктуу эле, бул чарага да мүчө мамлекеттердин колдоосу зарыл.

Мындан тышкары Евробиримдик жаңы санкциялардын пакетин даярдап жатат. Ал бир катар орусиялык банктарга, энергетикалык компанияларга, төлөм системаларына, кредиттик карталарга, криптовалюта биржаларына жана мунай соодасына кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү камтышы мүмкүн.

Евробиримдиктин бул сунушталган санкциялык пакети жакынкы күндөрү талкууланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: