Ирандын президенти БРИКС өлкөлөрүн Батыштын санкцияларына каршы күрөшүүгө чакырды
Иран президенти Масуд Пезешкиан БРИКСке мүчө өлкөлөргө Батыштын бир тараптуу санкцияларына каршы күрөшүү үчүн бирдиктүү механизм түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"БРИКС мүчөлөрүн мыйзамсыз санкциялардан коргоо үчүн биргелешкен колдоо механизмин иштеп чыгып, өлкөлөрдүн экономикаларына саясий кысымсыз өнүгүүгө жол ачышы мүмкүн", — деди Пезешкиан.
Ошондой эле ал мамлекеттер экономикалык санкциялардан баш тартуусу керектигин белгиледи.
Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда БРИКСтин онлайн-саммити болуп өттү. Ал Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силванын демилгеси менен уюштурулду. Жыйынга АКШнын Бразилия продукциясына бажы төлөмдөрүн кескин жогорулатуу чечими себеп болду.
БРИКС — Орусия, Бразилия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Иран, БАЭ, Египет жана Эфиопия сыяктуу тогуз өлкөнү бириктирген уюм. Уюм 2006-жылдын июнь айында Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында Бразилия, Орусия, Индия жана Кытайдын экономика министрликтеринин жетекчилеринин катышуусунда негизделген.
