Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясынын долбоору – эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана улуттук экономика үчүн заманбап инфраструктураны түзүү боюнча милдеттерди аныктоочу стратегиялык документ талкууланган.
Байсалов негизги багыт жасалма интеллектти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан бери жакшыртуу үчүн пайдалануу болушу керектигин белгилен. Анын айтымында, алдыңкы технологияларды киргизүү мамлекеттик башкаруу системин модернизациялоо менен гана чектелбестен, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга түрткү болот.
Жыйындын жүрүшүндө БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстанда адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча 2025-жылга карата баяндамасы да угулду. Документте билим берүүнү санариптештирүү жана Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктүн өсүшүнүн, экономикалык диверсификациянын жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн негизги куралы боло алары белгиленген. Жыйынга катышуучулар жасалма интеллектти ар кандай тармактарда колдонуунун келечегин талкуулап, калк жана бизнес үчүн кызматтарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин белгилешкен.
Жасалма интеллект технологияларын этап-этабы менен киргизүүнүн конкреттүү кадамдары аныкталган. Кеңештин мүчөлөрү тез өзгөрүп жаткан глобалдык чакырыктардын жана технологиялык динамиканын шартында кабыл алынган чечимдерди ийкемдүүлүк менен ыңгайлаштыруу зарылдыгын баса белгилешкен.

