Трамп Орусияга каршы экинчи этаптагы санкциялар боюнча даяр экенин билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкциялардын экинчи этабына өтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "ооба, даярмын" деп билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Ак үй экинчи этаптагы санкциялар кандай чараларды камтышы мүмкүн деген суроону жоопсуз калтырды. АКШнын каржы министри Скотт Бессент 7-сентябрда билдиргендей, АКШ менен Европа биримдиги Орусиянын мунайын сатып алган өлкөлөргө экинчи даражадагы тарифтерди киргизиши мүмкүн.
Трамп 4-сентябрда Вашингтон Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча чечимине нааразы болсо, дүйнө эмне болорун көрөт деп эскерткен. Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Орусиядан мунай сатып алганы үчүн Индиянын экспортуна 50 пайыздык тарифтер киргизилгенин эске салды.
Ал эми 3-сентябрда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Владимир Путин Украинадагы кризис боюнча "тоннелдин аягынан жарык көрүнүп калды" деп билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















