super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зеленский Украинага жасалган массалык соккуларга жооп берерин айтты

 

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын украиналык энергетикалык инфраструктурага жасаган чабуулдарына жооп берерин билдирди. Бул тууралуу ал 8-сентябрда жасаган салттуу кечки видео кайрылуусунда айтты.

Зеленскийдин айтымында, дүйшөмбү күнү Киевде өткөн жыйында энергосистемдин коопсуздугу, аскерлерди камсыздоо жана орус армиясынын чабуулдары жаратып жаткан жаңы чакырыктар талкууланган. Ошондой эле фронттогу абал жана коргонуу өнөр жайынын иши боюнча маалыматтар угулган.

Жыйындын негизги темаларынын катарында абадан коргонуу үчүн ракеталарды жеткирүү, курал-жарак өндүрүүнүн темпи жана энергетикалык объекттерди коргоо маселелери болду.

"Орусиялыктар азыр биздин энергетикага сокку жасап жатышат. Албетте, бизде муну менен байланышкан жооп чаралары бар жана болот. Бирок эң башкысы – системдин туруктуулугу",- деди Зеленский.

Президент жолугушууда украиналык дрон өндүрүүчүлөргө өндүрүш көлөмүн жана сапатын жогорулатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал узак аралыкка атылуучу куралдарды чыгарууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы өзгөчө күз-кыш мезгилине даярдык жана эл аралык өнөктөштөр менен иштөө тууралуу токтолду. Анын айтымында, жакынкы "Рамштайн" форматындагы жолугушуунун башкы темасы – абадан коргонууну күчөтүү.

"Абадан коргонууну күчөтүү – бул "Рамштайн" үчүн №1 максат жана Европада, АКШдагы бардык байланышыбыздагы негизги маселе. Ошондой эле коргоо министри менен 2026-жылга чейинки приоритеттерди аныктадык",- деди Зеленский.

Эске салсак, 7-сентябрдын түнүндө орус аскерлери Украина шаарларына массалык сокку урган. Киевде министрлер кабинетинин имараты жана Святошин менен Дарницкий райондорундагы турак үйлөр жабыркап, үч адам каза тапкан. Мындан тышкары, Одесса, Запорожье, Харьков, Кременчуг жана Кривой Рог шаарлары да дрон жана ракеталык чабуулга кабылып, кыйроолор жана жабыркагандар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: