Индонезияда Семеру вулканы бир күндө сегиз жолу атылып, элге кооптуулук жаралды
Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы соңку сутка ичинде сегиз жолу атылып, аймактагы абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына таянып ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Берилген маалыматка ылайык, вулкандын кратеринен чыккан күл 800 метр бийиктикке көтөрүлүп, деңиз деңгээлинен 4 476 метрге чейин жеткен. Ошондой эле күл жана түтүн түштүк жана түштүк-батыш багытында жайылганы белгиленди.
Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктардын кесепеттерин жумшартуу борбору тургундарды аталган вулкандан 3 чакырымдан кем эмес алыстыкта болууга чакырууда.
Эскерте кетсек, Семеру - Индонезиядагы эң бийик жана активдүү вулкандардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 676 метр бийиктикте жайгашып, Ява аралынын эң жогорку чокусу болуп эсептелет.
Индонезия архипелагы дүйнөдөгү сейсмикалык жактан эң активдүү аймактардын бири болуп саналат. Бул жерде 500дөн ашык вулкан бар, алардын 130у активдүү абалда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















