super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Испания премьер-министри Санчес: "Керек болсо Израилге каршы дагы көп чара көрөбүз"

 

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Израилге каршы жарыяланган 9 пункттан турган санкциялардан кийин сүйлөп жатып, керек болсо бул өлкөгө каршы дагы кошумча чаралар киргизилерин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Мадридде өткөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Санчес, Испания өкмөтү Газадагы "геноцид" үчүн Израилге каршы кабыл алган санкцияларды жактап, аларды моралдык жана мыйзамдык милдет катары атады.

Ал Европа биримдиги али Израилге карата так позиция кармана электигин сынга алды.

"Учурдагы жоболорго ылайык, Евробиримдик Израил менен курал сатуу келишимин токтотушу керек болчу. Дагы эмнени күтүп жатышканын түшүнбөйм",- деди Санчес.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-сентябрда Санчес Израилге каршы 9 пункттан турган санкцияларды жарыялаган. Алардын ичинде:

  • Израилге курал-жарак сатууга толук тыюу салуучу жарлыкты бекитүү;
  • Газадагы геноцидге, адам укуктарын бузууга жана согуш кылмыштарына түздөн-түз катышкан адамдардын Испанияга кирүүсүнө тыюу салуу сыяктуу чаралар бар.

Бул чечимден кийин Израил өкмөтү Испаниянын кадамын "антисемитизм" деп атап, Мадридди "коррупцияга аралашкан" деп айыптады. Ошондой эле Испания өкмөтүндөгү вице-премьер, эмгек жана социалдык экономика министри Йоланда Диас менен палестиналык тектүү жаштар жана балдар министри Сира Регого Израилге кирүүгө тыюу салынары жарыяланды.

Ал эми Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Тель-Авивдеги элчисин Мадридге кеңешме үчүн чакырып алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: