Белгилүү америкалык рэпер Тупактын өлүмүнө Пи Диди күнөөлүү экендиги айтылууда
Белгилүү америкалык рэпер Тупак Шакур менен "Death Row Records" компаниясынын негиздөөчүсү Шуга Найтты өлтүрүүгө буюртманы Пи Диди каймана аты менен белгилүү Шон Комбс берген. Мындай билдирүүнү "Крипс" уюшкан кылмыштуу тобунун мурдагы мүчөсү катары шектелип жаткан Дуэйн Дэвистин көрсөтмөлөрүнө таянып USA Today басылмасы жазып чыкты.
Шакурдун өлүмүнө Шон Комбстун тиешеси бар деген дагы эки айып каралып жатат. Басылманын маалыматына караганда, ал рэпердин өлүмүнө буюртма бергени жана Тупакка ок чыгарган Cadillac унаасын ижарага алганын айтып жүргөн. Бирок Лас-Вегас шаардык полициясынын өкүлү басылмага Комбс эч качан Шакурдун өлүмү боюнча шектүү болгон эмес деп билдирди.
Тупак Шакур 1996-жылдын 13-сентябрында жүрөгү токтоп, көз жумган. Андан бир нече күн мурун рэпер отурган BMW унаасы Лас-Вегаста аткыланган. Ок ак Cadillac унаасынан чыккан. Ал учурда рэпер 25 жашта болгон.
Ал эми Шон Комбс өткөн жылы 17-сентябрда Манхэттендеги мейманканадан кармалган. Тергөө боюнча ага көп сандагы сексуалдык зордук-зомбулук жана адам сатуу боюнча айыптоолор тагылууда. Рэперге каршы болжолу 120 адам арыз менен кайрылган. Жабыркагандар 1991-жылдан тартып анын жашыруун кечелеринде зордук-зомбулукка кабылганын айтышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















