super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Иранда кургакчылыктан жабыркаган Урмия көлү соолуп калды

 

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң туздуу көлдөрдүн бири болгон Урмия көлү толугу менен кургап калганы айтылды. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты.

Иран медиасында жарыяланган спутниктик сүрөттөрдө көлдүн эч кандай изи көрүнбөйт. Ирандык аткаминерлер кургакчылыктан келип чыккан көйгөйдү чечүү мүмкүн болбосо, Урмия көлү жайдын аягына чейин толугу менен кургап калары тууралуу эскертишкен.

Кургакчылыктан улам 2003-жылы суунун деңгээли төмөндөй баштаган Урмия көлү 2013-жылы толугу менен кургап кетүү коркунучуна туш болгон. Тегеран башкаруусу көлдү мурунку калыбына келтирүү үчүн 6 миллиард долларлык бюджет менен өлкөнүн эң ири экологиялык долбоорун баштаса да, өлкөдө уланып жаткан кургакчылыктан улам каалаган натыйжага жетүүгө мүмкүн болгон жок. Өлкөдө көлдү кайра жандандыруу талабы менен мезгил-мезгили менен акциялар да өткөрүлүп турду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: