super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстанда ФИФАнын кеңсеси ачылат

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен ФИФА президенти Жанни Инфантинонун жолугушуусунун жыйынтыгында Ташкент шаарында ФИФАнын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн аймактык кеңсесин ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар футбол жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаш таланттарды тарбиялоо, машыктыруучуларды, калыстарды жана башка адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо боюнча маселелерди талкуулашты.

Президент Мирзиёев Жанни Инфантиного Өзбек футболунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Достук" орденин тапшырды.

Жолугушуудан кийин алар Өзбекстан менен Ирандын беттешин чогуу көрүштү. Өзбекстандын курамасы 1:0 эсебинде жеңип, CAFA Nations Cup – 2025 турниринин чемпиону болду.

CAFA - Борбор Азия футбол ассоциациясы. Быйылкы турнирге Өзбекстан, Иран, Ооганстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия жана Оман курамалары катышты. Турнир эки жылда бир өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: