super.kg logo

Visa жана MBANK Кыргызстанда She’s Next демилгесинин биринчи этабын батуты

 

Visa, дүйнөлүк санариптик төлөмдөрдүн лидери MBANK менен биргеликте Кыргызстанда She’s Next аттуу глобалдык демилгенин биринчи этабын баштаганын жарыялады. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

MBANK башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев мындай деди:

«Биз MBANKта аялдардын ишкерлигинин өнүгүшү Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү деп эсептейбиз. Visa менен өнөктөштүк — бул стратегиялык мааниге ээ багыт. Биздин максат — аял ишкерлерге каржылык ресурстарды гана эмес, өсүү үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү да берүү. Visa менен биргеликте биз ар бир катышуучу колдоо таба турган, эксперттик баа ала турган жана өз долбоору үчүн грант утуп алууга мүмкүнчүлүк түзө турган платформа түзүп жатабыз. Демилгенин башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз жана ал өлкө боюнча аял ишкердигине күчтүү түрткү берет деп ишенебиз».

Кыргызстанда барган сайын көп аялдар ишкердик жолун тандап, кесиптик жана каржылык көз карандысыздыкка умтулушууда. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы аялдар бизнес коомчулугунун 40% түзгөн [1]. Алар жаңы продукттарды иштеп чыгышып, жумуш орундарын түзүшөт, бүт тармактарды алдыга сүрөшөт. Бирок ишкер-аялдар көп учурда эксперттик билимдин жетишсиздиги, каржылоону тартуудагы кыйынчылыктар жана үй-бүлө менен бизнес ортосундагы тең салмактуулукту сактоо сыяктуу олуттуу тоскоолдуктарга туш болушат.

Visa жана MBANK бул тоскоолдуктарды жеңүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанда She’s Next демилгесинин биринчи этабын башташат. Катышуучулар жаңы билимдерге, практикалык инструменттерге жана өз бизнесин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Жалпы гранттык фонд — 19 000 АКШ доллары.

Бизнесин өнүктүрүп жаткан ишкер аялдар же жаңы баштоону ойлоп жаткан ар бир аял демилгеге катыша алат. Катышуу үчүн 19-октябрга чейин долбоордун платформасына катталуу керек. Катталгандан кийин катышуучуларга билим берүүчү видеолор жана тесттер жеткиликтүү болот. Алты видеону жана тестти ийгиликтүү бүтүргөн соң, бизнес-планды эксперттик баалоого тапшырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Эксперттик комиссия 20 мыкты долбоорду тандап, алар Бишкекте өтө турган финалга чакырылат. Алты жеңүүчү өз бизнесин түзүү же өнүктүрүү үчүн акчалай грант алышат.

Visa компаниясынын өкүлү Кристина Дорош мындай деди:

«MBANK менен өнөктөштүк кылып, Кыргызстанда She’s Next демилгесинин биринчи этабын баштаганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул демилге ишкер аялдарга жаңы билимдерге, эксперттерге жана окшош көз караштагы коомчулукка жол ачат, ошондой эле бизнесин өнүктүрүү үчүн грант алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул – жаңы муундагы ишкер аялдарды шыктандырууга багытталган маанилүү кадам».

МБанк ишкер аялдар үчүн кошумча колдоо жарыялайт. Банк буга чейин баардык аялдар үчүн онлайн насыя берсе дагы, бул программага катышкандарга жакшы шарттарды түзүүдө.

Кыргызстанда демилгенин башталышына арналган иш-чарада «Иштеп жаткан бизнес» категориясындагы он финалист төмөнкү жеңилдетилген шарттарда насыяларды тариздей алары жарыяланды:

Күрөөсүз насыя: 500 000 сомго чейин, жылдык 14% менен.

Кепилдикке алынган насыя же автотранспортту күрөөгө коюу: 750 000 сомго чейин, жылдык 14% менен.

Кыймылсыз мүлккө насыя:

кыргыз сомунда: 18 айга чейин — жылдык 6%; 36 айга чейин — жылдык 8%; 60 айга чейин — жылдык 10% ;

АКШ долларында: 36 айга чейин — жылдык 6%; 60 айга чейин - жылдык 8%.

Кыргызстандагы She’s Next демилгесинин биринчи толкунуна кантип катышса болот?

Ишкер айымдар Shes Next платформасында каттоодон өтүшү керек. Заявкаларды кабыл алуу 3-сентябрда башталат.

Категориялар:

  1. Иштеп жаткан бизнес
  2. Жаңы башталган бизнес

Этаптар:

  • Катталуу (3-сентябрдан 19-октябрга чейин): She’s Next платформасына катталып, демилгеге катышуу.
  • Билим берүү этабы. 20-октябрдан 2-ноябрга чейин бардык катталган катышуучулар демилгенин билим берүү бөлүгүнө мүмкүнчүлүк алышат. Ал 6 лекция жана 6 тесттен турат. Ар бир лекциянын материалдарын өздөштүргөндөн кийин катышуучуларга текшерүүчү тест тапшыруу сунушталат. Бардык 6 тестти ийгиликтүү бүткөндөр кийинки этапка өтүүгө укук алышат.
  • Бизнес-планды тапшыруу: 3–16-ноябрь аралыгында бардык 6 тестти ийгиликтүү бүткөндөн кийин катышуучуларга «Иштеп жаткан бизнес» же «Жаңы башталган бизнес» категорияларынын бирине бизнес-план тапшыруу мүмкүнчүлүгү ачылат.
  • Эксперттик тандоо. 17-ноябрдан 7-декабрга чейин эксперттер ар бир категория боюнча 10дон, жалпы 20 мыкты долбоорду тандашат. Бизнес-пландары финалга өткөн катышуучулар Бишкектеги She’s Next Pitch Day иш-чарасына чакырылат.
  • She’s Next Pitch Day. 12-декабрда Бишкекте өтө турган She’s Next Pitch Day иш-чарасында 20 финалист аял өз долбоорлорун эки категория боюнча — «Иштеп жаткан бизнес» жана «Жаңы башталган бизнес» тааныштырышат. Питчингдин жыйынтыгында калыстар Кыргызстандагы She’s Next, Empowered by Visa демилгесинин биринчи толкунунун 6 жеңүүчүсүн тандап алышат.

Жаңылыктар жана этаптар боюнча маалыматтар долбоордун сайтында жана Visa менен MBANKтын Instagram баракчаларында жарыяланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: