Netflix "Достать ножи" детектив тасмасынын уландысынын тизерин жарыялады
Netflix детектив тасма "Достать ножи" фильмине улантуу жарыялап, тизерди көрсөттү. Видео соцтармакта тез тарап, бир күндө эле 31 миллиондон ашык көрүү жана миңдеген комментарийлерди топтоду.
Трейлер Netflix’тин расмий YouTube каналында жарыяланды. Сюжет биринчи бөлүмдүн режиссёру жана сценаристи Райан Жонсондун оригиналдык окуясына негизделген. Окуянын борборунда - жеке детектив Бенуа Блан, ал өзүнүн карьерасындагы эң татаал ишти иликтеши керек.
Тасманын жаратуучулары деталдар менен бөлүшкөн жок. Тизерден негизги сырдуу жана чыңалган атмосфера сакталары гана байкалат.
Фильмге белгилүү актёрлор катышкан: Дэниел Крейг, Жош О’Коннор, Гленн Клоуз, Жош Бролин, Мила Кунис, Жереми Реннер, Керри Вашингтон, Эндрю Скотт, Кейли Спэни, Дэрил МакКормак жана Томас Хейден Чёрч.
Тизерге миңден ашык комментарийлер жазылды. Кээ бир колдонуучулар сюжетти болжолдоп, ким өлтүрүшү мүмкүн экендигин жазышса, кээ бирлери эмоцияларын бөлүшүп жатышат.
Фильм 26-ноябрда айрым өлкөлөрдүн кинозалдарында, 12-декабрда Netflix’те көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, биринчи бөлүм "Достать ножи" дүйнөлүк прокатта 310 миллион доллардан ашык киреше алып, 40 миллион долларлык бюджетке ээ болгон. Ошондой эле "Оскар" жана "Алтын глобуска" номинация алган.
"Достать ножи" детектив тасмасынын уландысынын тизери
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















