super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү демилгесин парламент комитети үч окууда жактырды

 

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.

Жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкөл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаанын атын өзгөртүү элдин талабы экенин айтып, шаардын атын Манас деп өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: