Непалда массалык нааразычылык акцияларынан кийин социалдык медиага тыюу алынды
Непал массалык нааразычылык акцияларынан кийин социалдык медиага тыюуну алып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Катмандунун көчөлөрүндө миңдеген жаштар нааразычылык акциясына чыккандан кийин өкмөт социалдык тармактарга тыюу салууну алып салды.
5-сентябрда Непал бийлиги бул платформалар жаңы каттоо эрежелерин бузуп жатат деп, өлкөдөгү көптөгөн социалдык тармактарды жаап салган. Буга жооп иретинде миңдеген жаштар көчөгө чыгып, нааразычылык акциясын уюштурган.
"Расмий өкүлдөр 8-сентябрдын кечинде чукул жыйын өткөрүп, Катмандунун борборундагы парламент имаратынын алдында массалык нааразычылык акциясын өткөргөн жаштардын талаптарына ылайык өлкөдө социалдык тармактарды кайра жандандырууну буйруду",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин онлайн платформаларга , YouTube, X (мурдагы Twitter), Reddit, LinkedIn, ошондой эле WhatsApp, Facebook, Instagram социалдык тармактарына чектөө киргизилген.
Расмий маалыматтар боюнча, тополоңдун кесепетинен кеминде 19 адам каза болуп, 300дөн ашууну жарадар болгон. Непалдын ички иштер министри социалдык тармактардын жабылышына каршы нааразычылык акцияларынан улам кызматтан кетти.
Эске салсак, жаштар “Социалдык тармактарга эмес, коррупцияга тыюу салгыла” деген ураан менен көчөгө чыгышкан.

