Эмне үчүн биз көбүрөөк таттуу жей баштадык? Америкалык илимпоздордун изилдөөсү
Жаңы изилдөө климаттын өзгөрүшү адамдарды көбүрөөк шекер колдонууга түртүп жатканын көрсөттү. Аба ырайы ысыган сайын айрыкча газдалган суусундуктарга, мөмө ширелерине, балмуздакка жана муздак таттууларга болгон суроо-талап күчөп жатат.
Кардифф университетинен айлана-чөйрө илими жана туруктуулук боюнча адис Пан Хэ катышкан бул изилдөөдө, 2004-2019-жылдар аралыгында АКШдагы үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк сатып алуусуна байланышкан маалыматтар талданган.
Натыйжалар эмнени көрсөттү?
Маалыматтар аба ырайынын көрсөткүчтөрү менен салыштырылганда, температура көтөрүлгөн сайын таттуу ичимдиктер менен азыктардын керектөөсү да артканын аныкташкан.
- 1°C көтөрүлгөн сайын киши башына күн сайын орто эсеп менен 0,7 грамм кошумча шекер колдонулат.
- Таасир 20-30°C аралыгында өзгөчө күчтүү байкалат.
Кимдер көбүрөөк жабыркайт?
Изилдөөдө аз кирешелүү үй-бүлөлөрдө бул көрүнүш күчтүүрөөк экени белгиленген. Анткени таттуу азыктар арзан жана жеткиликтүүрөөк. Мындан тышкары, кондиционер аз колдонулгандыктан ысыкта шекер кошулган азыктарга муктаждык көбөйөт.
Мындай көрүнүш менен 2095-жылга чейин АКШда күн сайын адам башына орто эсеп менен 3 граммга чейин кошумча шекер керектелиши мүмкүн. Бул болсо семирүү, диабет жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун күчөтөт.
Адистердин эскертүүсү
Америкалык Жүрөк ассоциациясы күнүмдүк калориянын 6 пайыздан ашпоосун шекерден алууну сунуштайт.
- Бул эркектер үчүн 36 граммдан,
- Аялдар үчүн болсо 26 граммдан ашпашы керек.
Кембридж университетинен Шарлотта Куковски бул изилдөө "климаттын өзгөрүшү адам ден соолугуна кандай таасир берерин эске албаган багытты ачып берди" деп белгиледи.
Изилдөөчүлөр бул байланыш башка аймактарда да каралышы керектигин айтышууда. Эксперттердин пикиринде, климатка ыңгайлашуу саясатынын бир бөлүгү катары шекер керектөөнү жөнгө салуу маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн.

