Японияда чыр-чатактарды чечүү үчүн коркунучтуу адамдар ижарага берилет
Японияда "Коркунучтуу адамды ижарага алуу кызматы" деп аталган кызмат хитке айланды. Компания ар кандай көйгөйлөрдү, конфликттерди чечүү үчүн коркунучтуу көрүнгөн, татуировкалуу эркектерди акчага сунуштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Японияда "yukitichqn" лакап аты менен белгилүү интернет колдонуучу социалдык тармактарга сервистин веб-баракчасынын скриншотторун жарыялагандан кийин компания популярдуу болгон. Алар зордук-зомбулукка баргандай көрүнгөн, бирок чыныгы кылмышкер эмес. Келбети сүрдүү, татуировкасы бар коркунучтуу көрүнгөн кызматкерлерди ижарага берген кызмат иштейт. Жалданган кызматкерлер мыйзамсыз эч нерсе кылбайт деп компания кепилдик берет.
Алар аткара турган милдеттердин көлөмү ар түрдүү экени белгиленет. Негизинен ар кандай талаш-тартыштарда, сүйлөшүүлөрдө психологиялык таасир көрсөтүү үчүн жалданышат.
Мындай компаниянын кызматтарынын баасы 30 мүнөткө 140 доллар, үч саатка 340 долларды түзөт. Компания ошондой эле кардарлардан Токиодон тышкаркы жакка чакырса, алардын кошумча чыгымдарын төлөп берүүнү суранат. Көпчүлүк иштерди 30 мүнөттүн ичинде чечсе болору белгиленүүдө.

