super.kg logo

Москвадагы "Домодедово" аэропорту жыл аягына чейин сатылат 

 

Москванын чет жакасында жайгашкан "Домодедово" аэропорту июнь айында улутташтырылгандан кийин, жыл аягына чейин сатыкка чыгарылары пландалууда. Бул объектке кызыккан талапкер бар экенин Орусиянын каржы министри Антон Силуанов чет элдик ЖМКларга билдирди.

"Домодедовону сатуу планда бар. Бирок бул ишти жыл аягына чейин бүтүрө алабызбы, көрөбүз. Биз бул мүлктү сатууну мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууга кызыкдарбыз",- деди Силуанов.

Министр аэропорттун активдерине кызыккан талапкердин аты-жөнүн атаган жок, бирок объект ачык аукцион аркылуу сатыларын кошумчалады. Анын айтымында, мындай ыкма менен рыноктук баа жана атаандаштык камсыз кылынат.

Москва облусунун арбитраждык соту июндун ортосунда Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча "Домодедово" аэропортун мамлекеттин карамагына өткөрүп берген. Улутташтырылгандан кийин аэропорттун аткаруучу директору болуп экономика министринин мурдагы биринчи орун басары Андрей Иванов дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: