Өзбекстан дагы 12 жылдык билим берүү системине өтүүнү пландоодо
Өзбекстанда мектептеги билим берүү системасы 12 жылдык болуп өзгөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн расмий бийлик органдары билдиришкенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жаңы система балдардын билим сапатын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү максатын көздөйт.
"Учурда Өзбекстанда мектепте билим берүү 11 жылдык система менен жүргүзүлүп келет. 12 жылдык система акырындык менен киргизилип, ар кайсы этаптар менен ишке ашырылары күтүлүүдө. Билим берүү министрлиги жаңы системанын мазмуну, программасы жана окутуу ыкмалары тууралуу иштерди алып барууда. Анын максаты окуучулардын компетенттүүлүгүн арттыруу жана жогорку билимге даярдоону күчөтүү", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы 2 жылдан бери айтылып келе жаткан 12 жылдык билим берүү быйыл 2025-2026-окуу жылында ишке ашты.

