Непалда нааразычылыктардан кийин премьер-министр отставкага кетти
Непалдын президенти Рам Чандра Паудел премьер-министр Шарма Олинин отставкасын кабыл алды. Өлкөдө жаңы талапкерди тандоо процесси башталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Буга чейин Шарма Оли Непалда күчөгөн нааразычылык акцияларынын улам өкмөт башчы кызматын тапшырып жатканын жарыялаган. Ал кырдаалды "конституцияга ылайык саясий жол менен жөнгө салууну" убада кылды.
Кечээ, 8-сентябрда башаламандык уюштургандар менен полиция кагылышып, 19 адам каза таап, 100дөн ашык адам жаракат алды. The Hymalayan Times гезитинин эсептөөлөрү боюнча жалпы 500гө чукул адам жарадар болгон.
"Z муун революциясы" деп аталган нааразылык акциясына өлкөдөгү социалдык тармактарды бөгөттөө себеп болгон. Мындан тышкары, акциянын катышуучулары өкмөттү экономикалык көйгөйлөр жана коррупция үчүн сынга алышып, премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

