super.kg logo

Нарын шаарынын ичине курулуучу жаңы шаарчанын эскизи жарыяланды (сүрөттөр)

 
Нарын шаарынын борбордук чөлкөмүндө жайгашкан Тайлак баатыр атындагы 2025-аскер бөлүгүн шаардын сыртына көчүрүү иштеринен кийин чек ара башкармалыгына караштуу жер жана имараттар шаардын муниципалдык менчигине алынып, бул жерге баардык социалдык тейлөө шарттары менен шаарча салуу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Шаарчанын болжолдуу долбоору Садыр Жапаровго тааныштырылып, колдоо тапты.
Планга ылайык, 13 гектардан ашык жер аянтынын инфраструктурасын жакшыртуу пландалууда. Ал жерге турак жай, бала бакча, Маданият үйү, спорттук жайлар, айланма жол жана Нарын дарыясына көпүрө салып, заманбап шаарчага айлантуу иш-аракеттери көрүлүп баштады.
Бул долбоордун алкагында Орозбаков көчөсү да оңдолот. Мындан сырткары Сыдыков аймагындагы 93 546-аскер бөлүгүнөн муниципалдык менчикке алынган 16 гектардан ашык жер аянтын дагы калктуу конушка айлантуу пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: