Непалдагы саясий абал: Митингчилер резиденцияны өрттөп, министрлерге кол салууда (видео)
Непалдын борборунда нааразылык акциялары уланууда. Митингге чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 19 киши каза болуп, жүздөн ашууну жаракат алды. Социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу боюнча чечимдин жокко чыгарылышына жана премьер-министрдин отставкасына карабастан, Непалдын жаштары акцияларын улантууда.
Жергиликтүү The Himalayan Times басылмасынын маалыматына ылайык, Катмандуда эл аралык аэропорт жабылып, бардык каттамдар жана мектептердин иши убактылуу токтотулган.
Буга чейин бийлик коменданттык саат киргизген, бирок ага карабастан акция уланууда.
Митингчилер бийликтеги партиянын кеңсесин жана премьер-министрдин резиденциясын өрттөп, өкмөттүк комплекске кирип барышты. Бир нече министрге кол салуу болгону айтылууда. Полиция менен кагылышуулар уланып жатат. Маалыматтарга караганда, армия айрым министрлерди тик учак менен эвакуациялоодо.
Эске салсак, кечээ, дүйшөмбү күнү миңдеген адамдар Катманду шаарындагы парламент имаратына чогулуп, Facebook, X жана YouTube сыяктуу платформаларды тыюу боюнча бийликтин чечимине жана жалпы өкмөттүк саясатка нааразылыгын билдиришкен. Өткөн аптада бийлик 26 социалдык платформаны Непалдын Байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинде мөөнөттө катталбагандыгы үчүн блокко алган.
The Hymalayan Times гезитинин эсептөөлөрү боюнча, митинг учурунда 20 адам каза таап, жалпы 500гө чукул адам жарадар болгон.
Непалдагы саясий абал: Митингчилер резиденцияны өрттөп, министрлерге кол салууда (видео)
