Индия Непалдагы нааразылык акцияларына байланыштуу жогорку даярдык режимин киргизди
Индия менен Непалдын чек арасында массалык нааразылыктарга байланыштуу жогорку даярдык режими киргизилгенин Индия полициясы билдирди.
"Бул жерде (Непал менен чек арада) полиция посту орнотулду жана күчтөр жайгаштырылды. Биз жогорку даярдык режиминдебиз жана кырдаалды көзөмөлдөп турабыз", — деп маалымдады полиция өкүлдөрү. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн чек ара аркылуу жүк ташуучу унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.
Непалда массалык нааразылык акциялары 8-сентябрда өкмөттүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу чечиминен кийин башталган. Катмандуда полиция митингчилерге ок аткан. Натыйжада кеминде 22 киши каза болуп, 500гө жакыны жаракат алган.
Акциялардын экинчи күнүндө нааразы болгондор парламент имаратын өрттөп, премьер-министр Шарма Олининин резиденциясына кирип барышкан. Премьер жана бир нече министр отставкага кеткен. Ал эми социалдык тармактарга коюлган тыюу жокко чыгарылды.

