super.kg logo

Непалдын президенти өлкөдөгү баш аламандыкка байланыштуу отставкага кетти 

 

Непалдын президенти Рам Чандра Паудел өлкөдөгү баш аламандыктарга байланыштуу отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Премьер-министрдин отставкасынан кийин… Паудел да кызматын тапшырды",- деп айтылат маалыматта.

Өткөн жуманын аягында Непал бийлиги бир катар социалдык тармактарга тыюу салган. Буга алардын белгиленген мөөнөттө байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигинде каттоодон өтпөгөнү себеп болгон. Бул чечим өлкөдө жаштардын массалык нааразылыгына алып келген.

Полиция менен болгон кагылыштарда 22 адам каза болуп, жүздөгөн жаран жаракат алган.

Кийинчерээк өкмөт соцтармактарга коюлган чектөөнү алып салганына карабастан, нааразычылыктар токтогон жок. Демонстранттар премьер-министр Шарма Олинин отставкасын талап кылышкан.

Бүгүн акциянын катышуучулары премьер-министрдин жеке резиденциясын, өкмөттүк комплекс менен парламент имаратын өрттөшкөн.

Премьер-министр кызматтан кеткен соң, өкмөт мүчөлөрүн резиденциядан тик учактар менен эвакуациялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: