super.kg logo

Израил Катардагы ХАМАС жетекчилери турган жайга сокку урду (видео)

 

Бүгүн, 9-сентябрда Израил Катардагы ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Катардын борбору Дохада бир нече жарылуу угулду. Axios басылмасынын маалыматына ылайык, бул Израилдин ХАМАС өкүлдөрүнө багытталган соккусу болгон.

Израилдин коргонуу армиясы Х социалдык тармагында билдирүү жасап, аймакты так атабаса да 7-октябрдагы Израилге болгон чабуулдар үчүн түз жооптуу болгон ХАМАС жетекчилигине сокку урулганын кабарлады.

Операцияны Израилдин коопсуздук кызматы жүргүзгөн.

"Сокку урулганда тынч тургундарга келтириле турган зыянды мүмкүн болушунча азайтуу үчүн кошумча чалгын маалыматтары жана жогорку тактыктагы куралдар колдонулду", — деп жазылат билдирүүдө.






Израил Катардагы ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга сокку урду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: