super.kg logo

 ХАМАСтын лидери Халиль аль-Хайя Израилдин соккусунан каза болгону айтылууда

 

Бүгүн, 9-сентябрда ХАМАС кыймылынын Газа секторундагы башчысы Халиль аль-Хайя жана анын жетекчилигиндеги дагы үч мүчө — Халед Машаль, Захер Жаббарин жана Низар Аудалла Израил армиясынын Катардын борбору Дохага жасаган соккусунда каза болушту. Бул тууралуу Al Arabiya каналы кабарлады.

Канал өз булактарына таянып билдиргендей, Халиль аль-Хайя, Захер Жаббарин, Халед Машаль жана Низар Аудалла каза болгону тастыкталган.

Бүгүн Израил Катардагы ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга сокку урган. Axios басылмасынын маалыматына ылайык, бул Израилдин ХАМАС өкүлдөрүнө багытталган соккусу болгон.

Израилдин коргонуу армиясы Х социалдык тармагында билдирүү жасап, аймакты так атабаса да, 7-октябрдагы Израилге болгон чабуулдар үчүн түз жооптуу болгон ХАМАС жетекчилигине сокку урулганын кабарлады.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: